24-февраль күнү эртең менеки саат 8:15те Кабулдагы НАТО, АКШ элчилигинин кеңсеси жайгашкан райондо жанкечти өзүн жардырып, эки киши каза тапты, жети адам жараат алды.
Өлкөнүн ички иштер министри Нажиб Данишдин айтымында, терактты “Ислам мамлекети” уюшкан тобунун өкүлдөрү ишке ашырган. Ооганстандын Коргонуу министрлиги өлкө батышында талиптер менен болгон салгылашта 18 аскер каза болгонун мурдараак билдирген. 23-февралда Фарах провинциясындагы Бала-Булак аскердик постуна талиптер кол салган. (BCh)