Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин алтынчы курсунун студенти, Индиянын жараны Сураб Тирави ооруп каза тапканы айтылды.
Ош облустук ооруканасы чет өлкөлүк студентке тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, операция жасалганын маалымдады. Азырынча дарыгерлер анын кандай дарт менен ооруганын айта элек.
Буга чейин 2016-жылдын ноябрь айында ОшМУнун медицина факультетинин студенти каза болгон. Анын жүрөгү ооруганы айтылган болчу.
Кыргызстандын медициналык окуу жайларында Индия, Пакистандан келген студенттер көп окушат. (TSh/MdN)