Кыргызгидромет 26-февралга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдорунда кар көчкү жүрөрүн эскертти. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
25-февралда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 5…10;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 5...10;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…+5, күндүз 9…14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…11;
Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -4…-9;
25-февралда Бишкекте кар жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 7…9 градус болот.