Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Сирияга орусиялык эки Су-57 истребители конгону маалымдалды

Чыгыш Гута. Сирия
Чыгыш Гута. Сирия

Сириялык активисттер социалдык тармактарда Орусиянын дагы эки Су-57 истребители Хмеймим авиабазасына конгонун кабарлашууда. Ошондо ал жерде учурда Су-57 моделиндеги төрт учагы турат.

Буга чейин бешинчи муундагы эки истребителдин учуп келгени бейшемби күнү белгилүү болгон.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул боюнча комментарий берген жок.

АКШнын Коргоо министрлиги Су-57нин учуп келиши, Орусиянын Сирияда аскер контингентин азайтуу боюнча билдирүүсүнө карама-каршы келет деп билдирүү таратты.

XS
SM
MD
LG