Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Сирия: Чыгыш Гутадагы чабуулдардан 500дөй адам набыт болду


Бомбалоодон жабыркагандарга жардам көргөзүү учуру. Чыгыш Гутанын Дума шаарчасы, 22-февраль, 2018-жыл.
Бомбалоодон жабыркагандарга жардам көргөзүү учуру. Чыгыш Гутанын Дума шаарчасы, 22-февраль, 2018-жыл.

Чыгыш Гутадагы кезектеги авиа чабуулдар ишембиде кеминде 24 адамдын өмүрүн алды. Сириянын Адам укугу боюнча байкоо борборунун билдиришинче, акыркы жумадагы Башар Асаддын авиа чабуулдарынан 500 киши өлгөн жана анын 120сы балдар.

Байкоо борбору жана күбөлөр ишембидеги Орусия жана Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн ырайымсыз аткылоосунан өлгөндөрдүн санын тактоого мүмкүн болгон жок деп кабарлашты.

"Акыркы күндөрдөгү авиа чабуулдардан Дума, Хаммуриех шаарлары жана бир нече калктуу конуштар жабыркады" деп билдирет “Немис толкуну” радиосу.

Азырынча Сирия бийлиги бул боюнча комментарий бере элек. Буга чейин Орусия жана Сирия бийликтери Дамаскта согушкерлер менен атышуу жүрүп жатканын билдирген.

БУУнун Коопсуздук кеңеши ишембиде 30 күндүк ок атышууну токтотуу боюнча резолюция кабыл алды. Анда жай тургундарды согуш аймактарынан алып чыгып кетүү жана медициналык жардам көрсөтүү каралган. (TSh)

XS
SM
MD
LG