Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

Ат-Башыда окуучу кыз өз жанын кыйды

Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында 6-класста окуган кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнкул Дөөткулов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Дөөткуловдун айтымында, окуя 23-февралда болгон жана алдын ала маалыматтар боюнча кыз атасынын сөзүнө ызаланган. Өспүрүмдүн жакындары мектепти күнөөлөгөн эмес.

Расмий маалыматтарга караганда, 2017-жылы өлкөдө балдар арасында 100дөй суицид катталган. (MiK/TSh)

XS
SM
MD
LG