Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:00

Окуучулардын республикалык олимпиадасынын үчүнчү этабы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, олимпиаданын үчүнчү этабына 2337 окуучу катышат.

Олимпиада Бишкек жана Ош шаарларында, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарында бүгүн-эртең болот.

Биринчи жолу олимпиадага көз карандысыз уюмдар тартылат. Быйыл олимпиаданын тапшырмаларын иштеп чыгуу боюнча тендерде Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору утуп алган.

Республикалык олимпиададан жеңген окуучулар жогорку окуу жайларга сынаксыз жана акысыз кабыл алынат. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG