Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Бишкекте аялдар арасындагы радикализмдин алдын алуу талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Мутакалим” коомдук бирикмеси уюштуруп жаткан иш-чара "Аялдар жана кыздар - тынчтыктын жана туруктуулуктун жол баштоочулары" деген долбоордун алкагында өткөрүлөт. Ага бийлик, жарандык коом өкүлдөрү, диний чөйрөдөгү кыз-келиндер, облустардагы казыят кызматкерлери чакырылган.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, талкуу кыз-келиндер жана жаштар арасында диний радикализмдин алдын алууга багытталган.

Бириккен Улуттар Уюмунун бир жыл мурунку​ маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргызстандык кыз-келиндердин саны 200гө чамалады.

Ал эми өлкөнүн укук коргоо органдары Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктардын саны 500дөн ашканын, алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар экенин кабарлаган. Согушта 92 кыргызстандык мерт болгону айтылган.

XS
SM
MD
LG