"Түштүктөгү баян" деп аталган cноуборд-трэвэл фильмдин премьерасы Бишкектеги «Космопарк» кинотеатрында бүгүн өтөт. Ага фильмдин башкы каармандары да келишет.
Фильм «Бул жерде жашаса болот» тасмасынын логикалык уландысы. Үч достун Сочи, Эльбрус, Дагестанга чейин бараткан жолдо ар кандай окуяларды баштан өткөргөнү баяндалат. Фильмди орусиялык режиссер Игорь Попелюх тарткан. (NT)