Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Жарандык активист журналистти коргоп пикетке чыкты


Өндүрүш Токтонасыров. 16-декабрь, 2016-жыл.
Өндүрүш Токтонасыров. 16-декабрь, 2016-жыл.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров журналист Элнура Алкановага карата козголгон кылмыш ишин токтотууну талап кылып Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын имаратынын алдына пикетке чыкты. Активист журналистке каршы кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун айтып, аны куугунтук катары баалады.

- Журналист мыйзамсыз иштердин бетин ачып, журналисттик иликтөө жүргүзсө, ыраазычылык билдирүүнүн ордуна кылмыш ишин козгоо туура эмес. Мындай куугунтукту уюштурган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын директорунун кызматтан кетишин талап кылам, - деди Токтонасыров.

Жарандык активист бул кызматтын эч бир өкүлү акцияга көңүл бурбай жатканын билдирди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат Элнура Алкановага "Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу" жана "Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Алканова былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 48 коттежди сатып жибергенин жазып чыккан.

Буга чейин журналистке козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырып бир нече эл аралык уюмдун өкүлдөрү, бир катар саясий ишмерлер президентке кайрылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG