Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 01:17

Олимпиада комитети орус хоккейчилеринин гимни тууралуу үн катты


Орусиялык хоккейчилер.

Түштүк Кореядагы Олимпиадада орус хоккейчилеринин чемпиондукту уткандан кийин Орусиянын улуттук гимнин ырдаганы бул өлкөгө киргизилген жазалоочу санкцияларды алып салууга таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитети "Ассошиейтед пресс" маалымат агенттигине билдирди.

"Биз бул окуя өзгөчө шартта алтын медал уткан спортчулардын абдан толкунданганынан улам болгонун түшүнөбүз", деп айтылат комитеттин агенттикке жөнөткөн электрондук катында.

25-февралда хоккей боюнча финалдык оюнда орус хоккейчилери немис командасын 4-3 эсебинде жеңип чыккан. Сыйлыкты тапшыруу аземинде орусиялык спортчулар тыюу салынганына карабастан Орусиянын гимнин ырдашкан.

Орус курама командасы допинг жаңжалынан улам быйылкы Олимпиададан четтетилген. Кызытма колдонбогонун далилдеген орус спортчулары гана бейтарап желектин алдында оюндарга катышты.

Жекшембиде жыйынтыкталган Пхёнчхаң оюндарында медалдардын саны боюнча Норвегия биринчи орунду алды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG