Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

БУУ Сириядагы кармашты "дароо" токтотууга чакырды


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Сирияда кармашып жаткан тараптарды ок атышууну 30 күнгө токтотуу жөнүндө чечимди дароо аткарууга чакырды. Ал БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жылдык сессиянын ачылыш аземинде сүйлөп жатып, эл аралык көмөктөшүү агенттиктери Дамасктын жанындагы көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Чыгыш Гута аймагына гуманитардык жардам жеткирүүгө даяр экенин айтты.

- Чыгыш Гута күтө албайт. Бул - жер жүзүндөгү тозокту токтотуунун учуру, - деди Женевадагы жыйынга келген Гутерреш.

24-февралда БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кармашты бир айга токтотуу тууралуу резолюцияны бир добуштан колдогон. 400 миңден ашык жайкын тургундар байырлаган Чыгыш Гута аймагын өкмөттүк күчтөр курчап турат. Алардын бомба чабуулдарынан соңку жумаларда 500дөн ашык адам мерт болгону кабарланууда.

Сириядагы аба чабуулдары бүгүн да уланып жатканын БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд ал-Хуссейн Женевадагы жыйында билдирди.

XS
SM
MD
LG