Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

27-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет 27-февралга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдорунда кар көчкү жүрөрүн эскертти. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метр менен чектелиши зарыл.

27-февралда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 5…10;

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 5...10;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2…7, күндүз 8…13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн - 8…-13, күндүз -1…-6;

​27-февралда Бишкекте мезгил мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5, күндүзгү жогорку температурасы 6…8 градус болот.

XS
SM
MD
LG