Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Түркия Чехиядан күрттөрдүн лидерин өткөрүп берүүнү өтүндү


Сириядагы күрттөрдүн лидери Салих Муслим.
Сириядагы күрттөрдүн лидери Салих Муслим.

Түркия Сириядагы күрттөрдүн лидери Салих Муслимди өткөрүп берүүнү өтүнүп, Чехияга расмий кайрылды. Бул тууралуу түрк премьер-министринин орун басары Бекир Боздаг билдирди. Анын айтымында, Сириядагы күрттөрдүн "Демократиялык союз партиясынын" мурдагы төрагасы Салих Муслимдин иши 26-февралда Прага сотунда каралат.

Ал 24-февралда Анкаранын өтүнүчү менен Прагада кармалган. "Демократиялык союз партиясы" Анкараны "өз жараны болбогон адамды юридикалык негизи жок карматты" деп айыптап чыкты.

Түркия террорчул топ деп эсептеген бул партия Сириянын түндүгүндөгү күрттөрдүн башкы саясий уюму катары мүнөздөлөт. Муслим былтыр партиянын төрагалыгынан кетсе да Сириядагы күрттөрдүн арасында таасирин жоготкон эмес.

Түркия Салих Муслимди "өлкөнүн биримдигин бузду" деп айыптап, аны өткөрүп берүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG