Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:36

Атаева: Өмүрбек Текебаевдин ишин эл аралык уюмдар карайт


"Борбор Азиядагы адам укуктары" уюмунун жетекчиси Надежда Атаева
"Борбор Азиядагы адам укуктары" уюмунун жетекчиси Надежда Атаева

Францияда жайгашкан "Борбор Азиядагы адам укуктары" деген уюмдун жетекчиси Надежда Атаева абактагы кыргыз саясатчысы Өмүрбек Текебаевдин ишин эми эл аралык уюмдар карай турганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, сегиз жылга эркинен ажыратылган оппозициялык саясатчынын иши боюнча доклад жакынкы күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачыларына берилет.

Атаева Кыргызстан жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакты ратификациялаганын, ага таянып БУУнун Адам укуктары комитети жеке арыз боюнча өз сунушун бере алаарын кошумчалады.

"Текебаев азырынча өзүн коргоонун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдоно элек. Алдыда чоң иш турат. Эми эл аралык коргоонун алкагына өтүүдө",-деди Атаева.

26-февралда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин камалганына туура бир жыл болду.

Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов былтыр "орус ишкеринен бир миллион доллар пара алды" деген айып менен ар бири сегиз жылдан абакка кесилишкен. Текебаев муну саясий куугунтук деп баалап, экс-президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлөгөн. Атамбаев болсо бул иште саясат жоктугун бир канча ирет билдирген.

XS
SM
MD
LG