Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Түркия Ооганстандагы 12 мектепти өз көзөмөлүнө алды


Түркия Ооганстандагы Гүлен кыймылына байланышы бар деген 12 мектепти өз көзөмөлүнө алды. Ооган-түрк мектептерин мындан ары Түркиянын "Маариф" деп аталган мамлекеттик билим фонду иштете турган болду.

26-февралда Кабулда мектептерди өткөрүп берүү салтанаты өтүп, ага Түркиянын билим министри Исмет Йылмаз жана анын ооган кесиптеши Мухаммад Ибрахим Шинвари катышты. Ооганстандын Билим министрлиги кабарлагандай, Түркия Ооганстандагы түрк мектептеринин санын көбөйтүүнү, жаңы жана тажрыйбалуу мугалимдерди алып келүүнү, окуу баасын төмөндөтүүнү, ооган окуучуларына жеңилдиктерди берүүнү сунуштаган.

Мындай чечимге мектептерди иштеткен ATCE уюму жана окуучулар менен алардын ата-энелери каршылыгын билдиришкен болчу. Түрк-ооган мектептери 1995-жылдан бери Ооганстандын Кабул, Мазари-Шариф, Кандагар жана Герат сыяктуу бир нече шаарында ачылган.

Түрк бийлиги 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетинин артында турат деп АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхулла Гүленди жана анын кыймылын күнөөлөсө, Гүлен бул дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG