Бүгүн Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.
Ал узакка созулган оорудан кийин 68 жашында дүйнө салды. Президент Сооронбай Жээнбеков, парламент төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков баш болгон мамлекет жетекчилери маркумдун жакындарына көңүл айтышты.
Эсенгул Өмүралиев 1950-жылы Ысык-Көл облусунда Тоң айылында туулган. Фрунзедеги Политехникалык институтту бүтүргөн соң Электро-механика илим изилдөө институтунда бир нече жыл иштеген.
Кыргызстандын эгемендик жылдарында бир нече жолу министр, эки ирет вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты жана Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген. Кыргызстандын Беларус, Казакстан, Украинадагы элчиси болуп эмгектенген. Маркумдун сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. (КЕ)