АКШysy президенти Доналд Трамп Вашингтон белгилүү бир шарттарда гана Пхеньян менен сүйлөшүүгө даяр экенин дүйшөмбүдө билдирди. Кошмо Штаттардын губернаторлору менен Ак үйдөн жолугушкан учурда Трамп анын администрациясынын Кытай тарапка таштаган чакырыктарынан улам Бээжин мурдагыга салыштырмалуу Түндүк Кореядагы маселелерди чечүүгө чоң күч жумшаганын белгиледи.
Вашингтон Пхеньяндын өзөктүк программасына байланыштуу КЭДРге басым жасап келет. Трамп Пхеньянга каршы киргизилген санкцияларга карабай ал жакка Орусиядан көптөгөн товарлар кирип жатканын кошумчалады. Ал КЭДР менен сүйлөшүүнүн келечегине токтолуп, “Эмне болорун көрө жатарбыз” деди.
Буга чейин Трамп КЭДР өзөктүк курал даярдоону токтотуунун жолдорун талкуулоого даяр болгон шартта гана Вашингтон сүйлөшүүгө макул болорун айтып келген.