Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Кыргызстандагы коррупция менен күрөштүн абалы талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик мекемелер коррупция менен кантип күрөшүп жатканы талкууга алынат. Талкууну Коомдук кеңештердин координациялык кеңеши өкмөттүн аппараты менен бирге уюштурууда.

Аталган кеңештин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Айгүл Жунушалиеванын “Азаттыкка” айтканы боюнча, иш-чарада айрым министрликтердин коомдук кеңештери өз багыты боюнча жасалып жаткан иштер, кемчиликтер туурасында баяндама жасап, сунуштарды киргизишет.

- Бул иш-чара мамлекеттик мекемелер менен коомдук кеңештердин ортосундагы диалогду жакшыртуу максатын көздөйт. Буга чейин коомдук кеңештер ушундай сунуш менен премьер-министр Сапар Исаковго кайрылган. Ал оң жооп берип, ай сайын ушундай коомдук талкууларды өткөрүп турууга макулдугун берген. Ар айда ар кайсы тема талкууланып турат.

Январда Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери премьер-министр Сапар Исаковго ачык кат жазып, чогуу чече турган бир катар маселелер бар экенин белгилешкен. Алар коррупцияны жоюу, билим берүү, тартип коргоо, экономикада реформаларды ишке ашыруу сыяктуу бир катар багыттар боюнча талкууларды өткөрүүнү сунуш кылышкан.

“Трансперенси Интернешнл” уюмунун 2017-жылдагы “Коррупцияны кабылдоо индексинде" 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 135-орунду ээледи. Өлкө мурдагы жылдарга караганда бир баскычка жогорулаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG