Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Ак-Түздө химиялык калдыктар түтүгү жарылганы ырасталды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кемин районунун Ак-Түз айылындагы кен иштетүүчү фабрикадан калдык сактоочу жайга төшөлгөн түтүк жарылды.

Бул тууралуу маалымат Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы боюнча комитеттен алынды. Ага ылайык, кырсык 26-февралда таңга маал болгон. Сууктан улам түтүк жарылып, андагы суюктук Ак-Түз айылындагы жолду каптаган жана айрым бөлүгү Кичи-Кемин суусуна куюлган.

Комитет өкүлдөрүнүн айтымында, түтүк 20 мүнөт ичинде калыбына келтирип, химиялык калдыктар тазаланган. Мамлекеттик органдар аймактагы радиациялык фон өз калыбында экенин, элдин саламаттыгына коркунуч жаратпай турганын билдирүүдө. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Ак-Түз айылында жайгашкан орусиялык “Георезерв” жана “Реоресурс” компаниялары алтын кошулмасы бар кенди кайра иштетүү жана байытуу боюнча иш алып барат. (BkA)

XS
SM
MD
LG