Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:43

Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты башталат


Финляндиядагы күрөш боюнча мелдештен көрүнүш. 5-август, 2017-жыл.
Финляндиядагы күрөш боюнча мелдештен көрүнүш. 5-август, 2017-жыл.

Бүгүн Бишкекте грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султанбаевдин “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, мелдешке 19 өлкөнүн спортчулары катышып, 30 топтом медал ойнотулат.

- Бүгүнкү күнгө чейин 19 өлкөнүн спортчулары келишти. Спорттун башка түрлөрү боюнча катышкандар өз графигине карап келип турушат. Негизи эле күрөш боюнча Азия чемпионаты Олимпиада, Дүйнө чемпионатынан кийинки үчүнчү чоң иш-чара болуп эсептелет. Ошондуктан муну өткөрүүнү Кыргызстанга ишенип бергендиктен толугу менен жогорку деңгээлде өткөрөбүз.

Ушуну менен күрөштүн түрлөрү боюнча Азия биринчилиги Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат. Буга чейин мындай спорттук иш-чара 2007-жылы өткөн. Мелдештер 4-мартка чейин уланат. Анда жалпысынан 300дөн ашуун спортчу күч сынашат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG