Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:10

Коргоо комитетиндеги коррупция боюнча иш сотко жөнөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коргоо иштери боюнча комитеттин сатып алуу бөлүмүнүн башчысына козголгон иш тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, комитеттин бөлүм башчысына жана "Bravo.kg" компаниясынын директоруна “Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “Алдамчылык” беренелери менен кылмыш иш козгогон.

Тергөөдө Коргоо комитетинин кызматкери "Bravo.kg" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, Аскер госпиталы үчүн 12 миллион сомго медициналык жабдык сатып алуу боюнча тендерге катыштырганы белгилүү болгон. Маалыматта анын натыйжасында аталган эки адам мамлекеттик бюджеттен 7 миллион сомдон ашык каражатты өз ара бөлүшүп алганы айтылат.

Бул ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карайт. (BkA)

XS
SM
MD
LG