Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:59

ИИМ: Иштамбердиде кен казгандар сурак берип жатат


Ала-Бука.
Ала-Бука.

Ала-Бука районунун Өрүктү айылында жайгашкан Иштамберди кенинде өз алдынча алтын казган жумушчулар сурак берүүдө.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка караганда, “Фулд Голд Майнинг” алтын казуучу фирмасынын жетекчилиги райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Анда Иштамберди кенинин “Горный” деп аталган шахтасына 20-февраль түнү Чаткалдын Кызыл-Токой айылынын элүүдөй тургуну келип, өзүм билемдик менен кен казып киришкенин билдирген.

Бул багытта Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү ишин жүргүзүп, шахтага баргандардын автоунаалары атайын жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кенди милиция кызматкерлери кайтарып турат.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 400гө чукул адам иштейт. (RsK)

XS
SM
MD
LG