Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Ош: соцтүйүндөгү сүрөттөн соң санэпидстанциянын жетекчилигине чара көрүлдү


Кара-Суу базарындагы даараткана. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Кара-Суу базарындагы даараткана. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин кеңешчиси Гүлжамал Жороева билдирди. Анын айтымында, мекеменин дааратканасынын социалдык түйүндөргө тараган сүрөттөрүнөн кийин Оорулардын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл боюнча Ош шаардык борборунун жетекчилигине мэрия тарабынан катуу эскертүү берилген. 27-февралдан тартып аталган ажаткана жабылып, жуманын аягына чейин толук ондоп-түзөө иштерин жасоого милдеттендирилген.

Кечээ Ош шаардык санэпидстанциясынын дааратканасынын сүрөтү социалдык түйүндөргө тараган эле. Даараткананын сүрөтүн көргөн интернет-колдонуучулар шаар тазалыгын көзөмөлдөөчү мекеменин өзүндөгү абалдын начар экенин кескин сындашкан.

Азыр Ош шаарында жазга карата тазалык жумалыгы жүруп жаткан учур.(YI)

XS
SM
MD
LG