Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев "Азаттыкка" "Кыргыз Туусу" гезитинин 2017-жылдын 1-декабрында чыккан санындагы өзүн сындаган кат боюнча 3 миллион сомдук соттук доо арызын кайтарып албаганын билдирди. Алгачкы соттук териштирүү 26-февралда болуп өттү. Батыралиев өзүн каралаган бир нече дарыгер кол белгиси жасалма экенин, гезиттеги маалымат бурмаланганын айтып, редакция кечирим сурап келгенин айтты.
- Гезиттин редактору мага келди. Аларга "документтер бар" деп, кол коюлган жасалма катты беришкен экен. Кийин мен сотко бергенден кийин карасак, колдорунда эч кандай далил документтер жок болуп чыкты. Мага жыйырмага жакын дарыгер келип, арыз жазышты. "Бул текст эмес болчу, бизге жаңылыштык менен кол койдуруп алып, башка текстти жарыялап салышыптыр" дешти. Эгер "Кыргыз Туусу" расмий төгүндөө берсе, мен соттук ишти кайра чакырам. Бирок гезитте жарыяланган текстте мени 1937-жылдагы кылмышкердей эле атып салгысы келишиптир, - деди Талантбек Батыралиев.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев өкмөттүк “Кыргыз Туусу” гезитин жана 24 дарыгерди сотко берген. Ага дарыгерлердин 2017-жылдын 1-декабрында ушул гезитке жарыяланган кайрылуусу себеп болгон. Батыралиев "бул кайрылууда айтылган маалыматтар жалган жана кадыр-баркыма шек келтирди" деп билдирүүдө. Министр моралдык кенемте катары дарыгерлердин ар биринен 100 миң сом, ал эми гезиттен 500 миң сом өндүрүүнү суранган эле. Былтыр бир катар саламаттык сактоо мекемелеринин башкы дарыгерлери "министр Батыралиев иштен мыйзамсыз бошотту" деп арызданышкан болчу. (BCh)