Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Жанар Акаев: Фарид Ниязовдун аппараттагы мурдагы таасири азайган


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү жөнүндө арызына комментарий берип жатып билдирди. Анын айтымында, Ак үйдөгү акыркы кырдаал Ниязовду арыз жазууга жеткириши мүмкүн.

- Фарид Ниязов азыр аппаратта мурдагы президенттин тушундагыдай таасири жоголгон. Ниязов деле жаңы президенттин командасына келген кеңешчилерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериш керек экенин түшүндү окшойт. Анын таасирин азайтуу аракети болду да, ошон үчүн ал "кетип эле калсаң жакшы болот" деген ишараны сезди. Президент Жээнбеков бул окуядан улам “Жээнбеков-Атамбаев тиреши башталды" деген ушак күчөп кетпеш үчүн Ниязовду ордунда калтырды окшойт. Экөөнү каршылаш койчу күчтөр жок эмес, бирок Жээнбеков андай кадамга барбаса керек, - деген пикирин билдирди Акаев.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазганын 26-февралда айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Шейшембиде президенттик аппарат муну ырастап, бирок президент Сооронбай Жээнбеков Ниязовдун арызын канааттандырбаганын билдирди.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, Ниязов мамлекет башчысына оозеки сүйлөшкөн учурда кызматынан кетүү тууралуу оюн билдирген. Бирок президент мындай чечимди кабыл алган эмес жана мындан ары да бирге иштешүүнү сунуш кылган.(EBM/BkA)

XS
SM
MD
LG