Британия "Иран эмбаргого карабастан Йемендеги шиит козголоңчуларына – хуситтерге ракета жана пилотсуз учактарды жеткирип жатат" деп сындап, Коопсуздук кеңешине резолюция сунуш кылган. Кеңештин 11 мүчөсү резолюцияны колдоп, Орусия жана Боливия каршы добуш берип, Кытай менен Казакстан добуш беришкен жок.
Британдардын резолюциясында эксперттердин тыянактарына таянып, өткөн жылы хуситтер Сауд Аравиясын көздөй аткан ракета конструкторлук жана техникалык мүнөздөмөсү жагынан Ирандын “Киам-1” баллистикалык ракетасынын моделине дал келээри көрсөтүлгөн.
“Иран Йеменге курал-жарак экспортоого тыюу салган, 2015-жылы киргизилген эл аралык эмбаргону бузуп жатат. Ал хуситтердин колуна курал-жарактын түз же кыйыр тийишин токтотууга зарыл чараларды көргөн жок”, деп айтылат резолюциянын долбоорунда.
Лондон Москва менен компромисс табуу максатында долбоордун текстинен Ирандын дарегине айтылган дооматтарды жана «курал-жарак эмбаргосун бузгандарга кошумча чараларды көрүү» жөнүндө сүйлөмдү алып салган.
Ага карабастан Орусиянын Улуттар Уюмундагы өкүлү Василий Небензя Лондонду "такталбаган жана далилсиз билдирүү аркылуу Жакынкы Чыгыштагы суннилер менен шиилерди тирешүүгө түртүп” жатат деп айыптады.
АКШнын Улуттар Уюмундагы өкүлү Никки Хейли эгер Орусия резолюцияга каршы чыкса Кошмо Штаттар өнөктөштөрү менен Иранга каршы чара көрүүдөн башка аргасы калбай тургандыгын эскерткен.