Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине иш козгоду.
Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шаардагы Кара-Жыгач конушунда жайгашкан №91 гимназиянын имаратын куруу иштери ашкере кымбат бааланганы менен курулуш бүтпөй калган.
Жыйынтыкта, мамлекет ири өлчөмдө зыянга дуушар болгон. Бул факт боюнча мэриянын тиешелүү кызматкерлерине Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бербеген келишим түзүү” беренелери боюнча иш козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.(BkA)