Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Токтогул атындагы сыйлыктын ээлери аныкталды


Сапар Исаков менен Садык Шер-Нияз сыйлык тапшыруу учурунда.
Сапар Исаков менен Садык Шер-Нияз сыйлык тапшыруу учурунда.

Премьер-министр Сапар Исаков маданият, адабият ишмерлерине Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкты тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Күн чубак” ырлар жыйнагы үчүн акын Каныбек Жунушев, “Сүйүү космосу” сүрөтү үчүн сүрөтчү Талант Огобаев, “Курманжан Датка” тарыхый фильми үчүн режиссеру Садык Шер-Нияз, тасманын сценаристи Бакыт Турдубаев, оператору Мурат Алиев жана актрисалар Назира Мамбетова менен Элина Абай кызы сыйлыктын быйылкы лауреаттары болушту.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык адабият, искусство жана архитектура жаатындагы өзгөчөлөнгөн ишмерлерге тапшырылат. (BkA)

XS
SM
MD
LG