Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Өзбекстанда Мухаммад Бекжандан административдик көзөмөл алынды


Мухаммад Бекжан жубайы менен Ташкентке бараткан поездде.
Мухаммад Бекжан жубайы менен Ташкентке бараткан поездде.

18 жыл абакта отуруп чыккан, мурдагы саясий туткун Мухаммад Бекжанга АКШда жашаган балдары менен жолугушуу үчүн виза алууга, пенсияга чыгууга, мамлекетке өткөн батирине жана каттоого турууга байланышкан маселелерди чечүүгө жол берилет. Бекжан 22-февралда административдик көзөмөл алынгандын эртеси Үргөнч шаарынан Ташкентке жөнөгөнүн "Азаттыктын" өзбек кызматына айткан.

Ушул тапта ал өлкөдөн чыгууга уруксат алып, 19 жыл бою көрбөгөн, АКШда жашаган балдарына учурашканы барууга камынып жатат.

Эркиндикке чыккандан кийин бир жыл бою ал Хорезмдеги агасынын үйүндө жашаган. Жаңы паспорт алгандан кийин тууганынын үйүнө убактылуу каттоого турган.

Мухаммад Бекжан агасы менен кошо 1999-жылдын 16-февралындагы Ташкентте болгон жардырууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталган. Өзбек бийлиги алар ошол кездеги президент Ислам Каримовдун өмүрүнө кол салууга аракеттенген деп билдирген.

1999-жылы март айында Киевде өзбек атайын кызмат өкүлдөрү Мухаммад Бекжанды уурдап, Өзбекстанга алып чыгып кетишкен. Ал 15 жылга түрмөгө кесилген.

Бекжан өзүнө тагылган айыпты толугу менен четке кагып, тергөө маалында кыйноого кабылганын айткан.

2011-жылы түрмөдөн чыгаарда анын жаза мөөнөтү төрт жыл сегиз айга узартылган. Мухаммад Бекжан былтыр 22-февралда эркиндикке чыккан.

XS
SM
MD
LG