Эл аралык энергетика агенттигинин (International Energy Agency, IEA) маалыматына караганда, 2019-жылы Кошмо Штаттар чийки мунай өндүрүү жагынан дүйнөдө алдыңкы орунда турган Орусияны басып өтөт. Бул АКШда сланецти өндүрүү көбөйгөнү менен түшүндүрүлөт.
Эл аралык агенттиктин аткаруучу директору Фатих Бирол 2017-жылдын аягында АКШда мунай өндүрүү суткасына 10 миллион баррелге жетип, Сауд Аравиясын кууп жеткенин билдирди.
АКШнын энергетика боюча мекемеси 2018-жылдын аягында мунай өндүрүүнүн көлөмү суткасына 11 миллон баррелге жетээрин билдирди. Орусиянын көрсөткүчү мындан бир аз төмөн болмокчу.