Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 16:21

Полиция журналисттин киши колдуу болгонун иликтөөгө киришти. Бийлик кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөтчү адамга миллион евро сыйлык убада кылды. Словакиянын полиция башчысы колундагы маалыматка таянып, журналисттин өлүмүнө анын иликтөөлөрү себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

27 жаштагы Ян Куцьяк менен анын курбу кызынын сөөгү дүйшөмбүдө Братиславадан 65 чакырым жердеги Велка-Мака шаарындагы үйүнөн табылган. Алар окко учканы кабарланган.

Журналист "Aktuality" сайтына коррупцияга аралашып, салыктан качкандар тууралуу иликтөөлөрдү жарыялап турган. Акыркы ирет 9-февралда жергиликтүү ишкер Мариан Кочнерге байланышкан күмөндүү каржылык иштер тууралуу макала чыгарган.

Словак маалымат каражаттары ушундан кийин ишкер журналистти
жана анын жакындарын коркутуп жүргөнүн жазышууда. Кочнер азырынча
комментарий бере элек.

Словакиянын бийлиги буга чейин "журналистке мындай аёсуз чабуул болбогонун" билдирди.

XS
SM
MD
LG