Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Өзбекстанда баш прокурордун мурдагы орун басары камалды


Улугбек Суннатов
Улугбек Суннатов

Баш прокурордун мурдагы орун басары, юстициянын полковниги, 45 жаштагы Улугбек Суннатовго каршы кылмыш иши козголду. Аны 24-февралда үйүнөн кармашканын "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына прокуратурадагы ишенимдүү булагы билдирди.

2017-жылдын этегинен бери Ташкент облусунун прокурорунун кызматын аткарган Суннатов 5-январда президент Мирзиёевдин буйругу менен “ишинде олуттуу кемчиликтерди кетиргендиги үчүн” кызматтан алынган.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы өз булагына таянып, Суннатов 22-февралда кармалган мурдагы баш прокурор Рашид Кадыровдун ишине байланыштуу камалганын жазды. Суннатовго “бийлигинен же кызматтык укугунан аша пайдаланган” жана “пара алган” деген беренелер боюнча айып тагылганы белгилүү болду.

Суннатов ошондой эле Өзбекстандын Паралимпиада комитетинин төрагалыгынан кеткени да ачыкка чыкты.

XS
SM
MD
LG