Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Тажик жана өзбек таанымал ырчылары президенттерге концерт коюшат


Фаррух Закиров
Фаррух Закиров

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүдөгү мамлекеттик сапары маалында тажик жана өзбек таанымал өнөрпоздору “Достук кечи” деген концерт беришет.

Тажик медиасы эки өлкөнүн президенттеринин алдында Өзбекстандан барган Юлдуз Усманова, Шерали Жураев, Фаррух Закиров жана Озодбек Назарбеков өз өнөрлөрүн тартуулай турганын кабарлады.

Тажикстандык өнөрпоздордон болсо концертке Давлатманд Холов, Нигина Амонкулова жана опералык ырчы Рустам Дулоев катышат.

Концерт 9-мартта Дүйшөмбү шаарындагы “Кохи Борбад” маданий комплексинде өтөт.

Мирзиёевдин Тажикстанга биринчи мамлекеттик сапары 9-10-мартка белгиленген. Анын алдында Дүйшөмбүдө өзбекстандык товарлардын көргөзмөсү өтөт.

XS
SM
MD
LG