Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 00:07

Вашингтондо Boris Nemzov Plaza дареги пайда болду


Борис Немцов.

Оппозициялык саясатчы Борис Немцов өлтүрүлгөн күндүн үч жылдыгын утурлай Вашингтондо анын аты коюлган жаңы дарек пайда болду.

Орус элчилигинин алдындагы Висконсин-авеню аянтына анын ысымын ыйгарууну 2016-жылы флоридалык сенатор Марко Рубио сунуштаган. Демилгени январда Вашингтон шаардык кеңеши жактырган.

Аянтка ат коюу салтанатына маркум саясатчынын кызы Жанна Немцова, анын үзөңгүлөштөрү, "Ачык Орусия" кыймылынын башчысынын орун басары Владимир Кара-Мурза, сенатор Марко Рубио, Хельсинки комиссиясынын теңтөрагасы Роджер Уикер баштаган кишилер катышты.

"Америка үнү" кабарлагандай, Орусиянын расмий өкүлдөрү АКШдагы орус элчилигинин имаратынын жанында жаңы даректин пайда болушун туталануу менен кабыл алышты. Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий январда Американын бул демилгесин "орус бийлигине өчөшүп жасалган орой иш" деп атаган.

27-февралда Москвада адамдар Борис Немцов атып өлтүрүлгөн көпүрөгө күн бою гүл алып келип жатышты. Орусиянын бир нече шаарларында саясатчыны эскерген акциялар өттү.

Борис Немцовдун өлтүрүлүшүнүн үч жылдыгына карата АКШ орус бийлигин аны өлтүргөндөрдү, уюштуруучуларды жана буйрук бергендерди жоопкерчиликке тартууга чакырды.

XS
SM
MD
LG