Бүгүн Бишкектеги “Манас” кинотеатрында Кыргызстанда алгачкы жолу тартылган “Дарак ыры” киномюзиклинин бет ачары болот. Тасманы Кыргызстандын “Централ Азия Фильм” жана Орусиянын “Синетрейн” компаниялары чогуу тартышкан.
Кинодастандын саундтрегин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, учурда Москвада жашап жаткан ырчы Жылдыз Осмоналиева жана бишкектик аткаруучу, "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко аткарышты. Бул ырчылар кинонун премьерасына катышуу үчүн Москвадан учуп келишти.
Сценарийдин автору жана режиссеру - Айбек Дайырбеков. Ал эми мюзикл 1-марттан тарта бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. (КЕ)