Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:37

"Беш акын" теледолбоорунун 2-айлампасы жыйынтыкталды


Иллюстрациялык сүрөт.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Улуттук жазуучулар биримдиги жана ЭлТр коомдук каналы чогуу ишке ашырып жаткан "Беш акын" теледолбоорунун экинчи айлампасы соңуна чыкты.

Адабий-музыкалуу кеченин бешинчи айлампасына жаш акындар Мырзайым Айтимбетова, Чолпон Орозалиева, Рыскүл Изатова, Мелис Маматжанов, Бекболот Сарыбаев катышып, натыйжада калыстар тобунун жыйынтыгы менен Мелис Маматжанов алдыга озуп чыкты.

Долбоордун 1-айлампасында өз муундаштарынын арасынан Гүлжамал Шакирова, кийинки курактагылардан Салтанат Орозобекова, Майрамбек Токторов, Умар Нусупалиев жеңишке жетишкен эле. Таймашта бир муундагы беш жазма акын калыстар тобуна экиден өз ырларын, котормолорун тапшырып, ырларына жазылган обондор ырдалып, өздөрүнүн ыр жазгандан башка өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Кыргызстанда экинчи жолу өтүп жаткан "Беш акын" долбоору бешинчи айлампа менен жыйынтыкталып, жеңүүчү беш акынга ТҮРКСОЙдун диплому, Токтогул Сатылганов атындагы төш белгиси жана 500 доллар акчалай сыйлыгы тапшырылды. "Беш акын" теледолбоору буга чейин 2015-жылы Коомдук биринчи канал менен бирге өткөрүлгөн. (ZA)

XS
SM
MD
LG