Жаз айларынан баштап Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетин кеңейтүү иштери башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкынай Абдыкариева кабарлады. Анын айтымында, бекеттин эки тарабында тең кезек күткөн жарандар көбөйгөнүнө байланыштуу учурда кошумча кабиналарды орнотуу иштери жүрүп жатат.
- Имараттын тардыгына байланыштуу ал жерге алтыдан ашык кабина койгонго мүмкүн эмес. Ошондуктан жаз айларынан баштап “Достук” чек ара көзөмөл жайын чоңойтуу боюнча иштер башталат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылдагы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, ары-бери өтүү кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүш үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган.
2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдеген. Эки тарапка каттагандар көбөйгөн. Мамлекеттик чек ара кызматы муну эки өлкөнүн ортосундагы сооданын жанданышы менен байланыштырууда. (КЕ)