Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 01:42

Венгрия кыргызстандык студенттерге дагы 25 орун бөлдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Венгрия өкмөтү кыргызстандык студенттерди окутууга кошумча 25 орун бөлүп бермей болду. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, шейшемби күнү өлкөнүн башкы дипломаты Эрлан Абдылдаев Венгриянын билим берүү министри Ласло Палкович менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулады.

2017-жылы 23 кыргызстандык улан-кыз Венгрияда бекер билим ала баштаган.

Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар чет мамлекеттерде билим алыш үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын айтып чыккан. Бирок министрлик бул дооматты четке каккан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG