Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Депутат бардык жетекчилердин жарандыгын текшертүүнү сунуш кылды


Дамирбек Асылбек уулунуку деген паспорттун сүрөтү.
Дамирбек Асылбек уулунуку деген паспорттун сүрөтү.

Жогорку Кеңеш Казакстанда кармалган кыргыз депутаты тууралуу маселени талкуулап, тиешелүү мекемелердин маалыматын угушу керек. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев ушундай демилге көтөрдү.

Ал Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигин чакырып, Асылбек уулу Дамирбек тууралуу айтылып жаткан сөздөрдүн чын-төгүнүн сураштырууну сунуш кылды. Ошону менен катар ал жогорку кызматтагы башка жетекчилерди да текшертүү керек деп эсептей тургандыгын айтты:

- Ар жерден суроолор түшүүдө, биз маалыматтын жоктугунан жооп бере албай жатабыз. Башка саясий жана жогорку кызматтагылар боюнча эмне кылабыз, алардын жарандыгын? Текшертели баарын, анда. Эл ызы-чуу болуп жатпайбы, “мындай болсо эртең президенттикке башка мамлекеттин жараны келип калса эмне болот” деп.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттын сунушуна “маалымат топтолуп жатат, каралат бул маселе” деп жооп берди.

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган. Ал Кыргызстандын дагы эки жараны менен кошо эки айга камакка алынган.

Кийинчерээк Казакстандын мамлекеттик органдары Дамирбек Асылбек уулу казак жараны, улуту казак экени тууралуу маалымат тараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG