Кыргызстанда Дипломатиялык академиянын макамын өзгөртүү боюнча сунуш каралып жатат. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңеште талкууланды.
“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга киргизүүгө сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык академиянын уставын өзгөртүп, ректорду дайындоо укугун тышкы иштер министрине берүү каралууда.
Талкуу учурунда бир катар депутаттар өкмөт менен Тышкы иштер министрлигин эл аралык иштер боюнча адистиктин сапатын, кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган иш-чараларга көңүл бурууга чакырышты. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, дипломаттарды саналуу гана алдыңкы жогорку окуу жайлар даярдашы керек.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.