Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Түркия: кыргызстандык келин кайнисинин колунан ажал тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда кыргызстандык келин киши колдуу болду. Бул тууралуу жергиликтүү Dogan кабар агенттиги маалымдады.

Окуя Анталиянын Манавгат аймагында 27-февралга караган түнү болгон. 34 жаштагы кыргызстандык келинди өзүнүн кайниси үйүндө муунтуп өлтүргөн деп шектелүүдө. Ал полиция кызматкерлерин өзү чакырган.

Анталия шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзө баштады.

Каза болгон келиндин күйөөсү менен ажырашуу жараяны боюнча сот отуруму бир күндөн кийин болмок. Маркумдун аркасында үч баласы калды.

Түркиядагы "Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасы боюнча 2017-жылы өлкөдө 407 аял киши колдуу болуп өлгөн. 332 аял сексуалдык зомбулукка учураган. Акыркы сегиз жылда аялдардын өлүмү эки эсе көбөйгөн. (ElB)

XS
SM
MD
LG