Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 00:57

БУУнун эксперттери: Пхеньян Сириянын химиялык жайларына жабдуу жөнөтүп турган


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын "Hwasong-15" баллистикалык ракетасы сыналган учурда. 29-ноябрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Улуттар Уюмунун эксперттерине шилтеме кылып АКШнын маалымат каражаттары кабарлашты. Алардын айтымында, Түндүк Корея Сирияга өзүнүн ракета боюнча адистерин жана химиялык курал жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон жабдууларды жөнөтүп турган.

Улуттар Уюмунун эксперттери 2012-2017-жылдар аралыгында мындай жүк 40тан ашык ирет жөнөтүлгөнүн, алар тууралуу мурда кабар берилбегенин аныкташкан.

Сирияга мыйзамсыз жөнөтүлгөн материалдардын арасында кычкылдыкка туруштук берүүчү плиткалар, чирибей турган клапандар, термометрлер да болгон.

Түндүк Корея БУУнун резолюцияларын кандай аткарып жатканын баалаган жана азырынча жарыялана элек баяндамада аты аталбаган бир өлкө Сириянын химиялык курал жана ракета жайларынан Пхеньяндын техниктерин көргөнү да жазылган. Дамаск болсо БУУнун эксперттерине түндүк кореялыктарды "машыктыруучулар жана спортчулар" деп түшүндүргөн.

Бул маалыматтар "Сириянын өкмөттүк күчтөрү жайкын тургундарга каршы хлор газын колдонду" деген жаңы кабарлар чыккан учурга туш келди. Расмий Дамаск мындай маалыматтарды четке кагууда. (UE)

XS
SM
MD
LG