Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:06

Гани "Талибанга" Ооганстанды “бирге курууну” сунуш кылды


Кабул жараянына катышкан өлкөлөрдүн конференциясы. 28-февраль, 2018-жыл.

Президент Ашраф Гани бүгүн Кабул жараянына катышкан мамлекеттер менен уюмдардын конференциясында ушундай сунуш киргизди:

- Тынчтык макулдашууга жетиш үчүн биз эч шарт койбостон ушундай сунуш киргизебиз. Мен "Талибанга" жана анын жетекчилигине кайрылам. Бүгүн чечим силердин колуңарда. Тынчтыкты, татыктуу тынчтыкты кабыл алгыла.

Ооган президенти "Талибанга" ок атышууну токтотууну, түрмөдөгүлөрдү бошотууну, паспорт берүүнү, Кабул же башка макулдашылган жерден кеңсе бөлүп берүүнү жана санкцияларды жоюуну сунуш кылды.

Ганинин айтымында, "Талибан" менен макулдашуунун алкагында ал Конституцияны да кайра кароого даяр. Согушкерлер болсо Кабул өкмөтүн таанып, мыйзам үстөмдүгүн урматташы керек.

Кабулдагы конференцияга 20дан ашуун өлкөнүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. "Талибан" ага чакырылган эмес.

"Талибан" Кабулдагы бийликти “куурчак режим” деп атагандыктан азыркыга чейин анын менен түз сүйлөшүүдөн баш тартып, тескерисинче Ооганстанда аскери эң көп Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүнү талап кылууда.

АКШнын президенти Доналд Трамп өткөн айда эле Вашингтон "Талибан" менен сүйлөшпөй турганын айткан. Трамптын былтыр августта жарыяланган стратегиясы Ооганстандагы азыркы туңгуюк абалды жөнгө салып, согушкерлерди сүйлөшүү столуна отурууга мажбурлоону көздөйт.

2015-жылы ооган өкмөтү менен "Талибан" тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп, бирок ал дароо эле үзгүлтүккө учураган. (UE)

XS
SM
MD
LG