АКШ, Британия, Германия, Франция биргелешкен билдирүүсүндө Ирандын Йемен боюнча курал эмбаргосун сактабай жатканы “аймактын тынчтыгы жана стабилдүүлүгү үчүн олуттуу коркунуч” жаратууда. Бул төрт мамлекет Иранды Улуттар уюмунун Йемендеги хусит согушкерлерге каршы курал эмбаргосун киргизген, 2015-жылкы резолюцияга шайкеш эмес иштеринин баарын “тезинен токтотууга” чакырды.
БУУнун эксперттери Тегеран эмбаргону сактабаганын өткөн айда аныктап, муну ал Иранда жасалган ракеталар менен дрондор Йемендеги шиит козголоңчуларынын колуна тийишин алдын албаганы менен түшүндүрүшкөн. Иран хусит согушкерлерин курал менен камсыздап жатат деген айыптоолорду четке кагып келет.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин Иранда эмбаргону бузганы үчүн күнөөлөгөн резолюциясына 26-февралда Орусия вето салган. Орус элчиси мунун себебин далилдердин жетишсиздиги менен түшүндүргөн.
Йемендеги жарандык согуш 2014-жылы башталган. Хусит согушкерлери борбор Сананы ээлеп, эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү качууга мажбурлаган эле. 2016-жылдан бери Сауд Аравия баштаган коалиция Йеменде хусит согушкерлерине каршы аба соккуларын жасап келет. (UE)