Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

“Мегакомду” сатып алууга кореялык компания кызыкты


“Мегаком” деген бренд менен белгилүү “Альфа Телеком” компаниясын сатып алууга “Goldenkey Asset Investment & Management» деп аталган компаниядан кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабарлады.

Түштүк Кореяда катталган компания “Альфа Телекомдун” акцияларынын 100 пайызын сатып алууга кызыгууда.

Кайрылуу мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте кароо үчүн “Альфа Телекомго” жөнөтүлдү.

Кыргыз өкмөтү "Мегакомду" алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. 2017-жылы ишкана 13 миллиард 500 миллион сомго бааланып, аны түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Быйыл январда “Альфа Телекомду” сатып алууга "АКА минералз энд майнинг" ишканасы да сунуш берген. Бул компания кытайлык "Huawei Technologies" менен кошо Кыргызстандагы “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга макулдук бергени белгилүү. Мындан соң швейцариялык "ALF Consulting SA" аттуу компания да кызыгып, кайрылган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG