Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:20

Окутуучуга "Фейсбуктагы" пикири үчүн кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусуна карата "улут аралык кастыкты козуткан" деген негизде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Кылмыш иши Темир Болотбек аттуу окутуучунун социалдык түйүндөрдөгү башка улут өкүлдөрүн кемсинткен комментарийлеринен улам январь айында козголгону кабарланды. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Темир Болотбектин буга чейин "Facebook" аркылуу орус улутундагыларга каршы пикир билдиргенин айрым сайттар жазып чыккан эле.

Ал өзү мындай дооматтарды четке кагып, жазган пикирлеринде эч кандай жек көрүү жок экенин билдирген.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети окутуучуга козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG