Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Ажылыкка баргысы келгендер 7 миңге жакындады


Меке.
Меке.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, 2018-жылдагы ажылыкка талапкерлерди каттоо иши бүгүн, 28-февралда аяктады.

Ажылык серверге катталгандар өлкө боюнча 6895 талапкерди түзүп, Кыргызстан үчүн берилген квотадан 1580 кишиге ашкан. Алар 2019-жылдагы ажылык сапарына барыш үчүн аймактык кезекке турушмакчы. Ажылыкка барыш үчүн каттоодон өткөндөрдүн саны боюнча Ош облусу алдыда турат. Бул аймактан 2548 адам катталса, эң азы Нарындан 45 адам катталган.

Ажылыкка барчулар бир айдан ашуун убакытта биометриялык паспорттун негизинде катталышты.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Бул былтыркыдан 640 орунга көп. Муфтий Максат Токтомушевдин "Азаттыкка" айтканына караганда, быйылкы ажылык сапардын баасы ушул жумада аныкталат. Былтыр ал 2760 долларды түзгөн.

Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй башташат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG