Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:38

АКШ өкүлү: Орусия Сирия боюнча милдеттенмесин бузду


Чыгыш Гутага абадан жана ракета менен сокку урулгандан кийинки көрүнүш. 27-февраль, 2018-жыл.
Чыгыш Гутага абадан жана ракета менен сокку урулгандан кийинки көрүнүш. 27-февраль, 2018-жыл.

Орусия Сириянын химиялык куралына тиешелүү милдеттемесин бузганын Кошмо Штаттардын куралсыздануу конференциясындагы чабарманы Роберт Вуд бүгүн Женевадан билдирди.

- Орусия Сириянын химиялык курал кору текшерилген жол менен жок кылынышына кепилдик алгандыктан, ал Сирия химиялык куралды колдонушуна жол бербөөгө да кепилдик алышы керек эле. Орусия өз милдеттенмесин айдан-ачык эле бузду, - деди ал.

АКШнын расмий өкүлүнүн бул сөздөрү Сириянын өкмөттүк күчтөрү жайкын тургундарга каршы хлор газын колдонгону жөнүндө жаңы кабарлар чыгып жаткан учурда айтылды. Сириянын жетекчилиги мындай маалыматты төгүнгө чыгарууда.

Бүгүн эле Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Улуттар Уюму демөөрчүлүк кылган конференцияда "Сирия химиялык курал корун жок кылып, аны эл аралык көзмөл астына койгон" деп ырастаган.

Өткөн айда АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Сирияда химиялык курал колдонулган учурлардын баары үчүн Орусия да күнөөкөр болорун, Москва Сириядан химиялык куралды чыгаруу боюнча Вашингтон менен 2013-жылы түзүлгөн макулдашуусун бузуп жатканын билдирген.

Сирия өкмөтү Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмга ошол 2013-жылы кошулуп, жарыяланган химиялык курал корунун баарын жок кылууга макул болгон.

Бирок Дамастагы бийлик андан бери да жарандык согушта жайкын тургундарга каршы химиялык курал колдонгону үчүн айыпталып келет. Акыркы ирет ал козголоңчулардын карамагындагы Чыгыш Гута районунда хлор газын колдонгону тууралуу маалымат тараган. (UE)

XS
SM
MD
LG