Мындай окуя Орусия президенттигине талапкерлердин “Россия 1” телеканалында, 28-февралдагы теледебатында болду.
РИА-Новости агенттигинин маалыматына караганда, ЛДПРдин лидери дебат учурунда Ксения Собчакты “жинди” деп атап, “бул жерге көчөдөгү жеңил-желпи селкилерди алып келүүнүн кереги жок, мунун баары ыпыластык”, - деп айткан.
Жириновский Собчакты тилдеп жатканда, Собчак саясатчыга стакандагы сууну чачып, “өзүңүздү жакшыраак алып жүрүңүз, мен сиздин ыкманы колдонуп жатам”,- деп жооп кайтарды. Буга Жириновский туталанып, Собчакты түз эфирде "сойку" деп сөктү.
Орусиянын президенттик шайлоосу 18-мартта өтөт. Ага сегиз талапкер катталганы менен президент Владимир Путин оңой эле жеңип чыгары күтүлүүдө.
Путиндин башкы сынчысы, оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциячыл активист Алексей Навальный шайлоодон четтетилген. (UE)